Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 59,5 млн сом суммасында 48 долбоор каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар: – 14 мектепке – 18,6 млн сом;
– 2 саламаттык сактоо мекемелерине 1,1 млн сом;
– 21 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 31,1 млн сом;
– 2 спорттук курулуштарга – 1,7 млн сом;
– 3 маданий маанидеги объектиге – 2,3 млн сом;
– 6 бала бакчага – 4,7 млн сом жумшалды.