Кыргызстан Израиль менен Палестинаны согуштук аракеттерди токтотууга чакырат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат.

Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз”.