Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Баткен областынын тургундары менен жолугушту

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Баткен областынын тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу Баткен шаарындагы областтык администрациянын имаратында болду. Жолугушууга Президенттин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ошондой эле укук коргоо органдарынын областтык жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлбөй жатканына даттанышты.

Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул албай жатышканын жана башка көйгөйлөрү тууралуу арызданышты.

Улгайган аял көп жылдан бери жерине “кызыл китеп” ала албай жатканын, анткени мамлекеттик органдар кайра документтештирүү үчүн жолдошунун макулдугун сурап жатканын айтты. Ал эми жолдошу дайынсыз жоголуп кеткен.

“Күйөөм дайынсыз жоголуп кетти. Ал кантип макулдук берет?”,-айтты капаланган аял өзүнүн маселеси тууралуу Акыйкатчыга.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ага юридикалык кеп-кеңеш беришти.

Мындан тышкары Акыйкатчыга эмгек мигранттарынын жубайлары жана энелери кайрылышты. Алар балдарына мамлекеттен жөлөк пул каралбаганына, жолдоштору эмгек мигранты болгондуктан ушундай болуп жатканына нааразылыктарын айтышты.

“Жолдошторубуздун баары эле чет өлкөдө дароо  эмгекке орношо алышпайт. Көбү жумуштарын алмаштырууга мажбур болушат. Туруктуу эмгек акы ала албаган учурлар болот, мезгилдүү жумуштарда иштешет, бирок буга карабай эмгек мигранттарынын балдарына жөлөк пул каралган эмес. Бул биздин балдардын укуктарынын бузулушу”,-деп айтышты мигранттардын жубайлары.

Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болушкан этникалык кыргыздар даттанышты. Алар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок КРнын жарандыгын ала албай жатышат, анткени Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын инсандыгын тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар ээлик укуктары тууралуу баардык документтер болгонуна карабай Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айтышты.

“Биздин үйлөрдү сатып албагыла деп оозеки тапшырма беришкен, алар бекер эле алгылары келишет”,-дешти этникалык кыргыздар.

Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл алаарын белгиледи.

Андан кийин Акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.

Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясынын учурунда абдан эле жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы өрттөн жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.

Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты.

Ак-Сай айылында Акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолугушту. Аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатат, балдар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болушууда.

Жолугушууда мугалимдер Акыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты. Алардын көбү мамлекеттик ипотека алуу укуктары тууралуу кызыгышты.