
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.
ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
“Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат.
Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз”.