Аялдамаларды кеңейтүү уланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аялдама комплекстеринин аймактарын кеңейтүүнү жана жакшыртууну улантууда.

Ошентип, кызматкерлер  учурда Манас проспектисиндеги, «Шампанвинкомбинат» заводунун аялдамасынын комплексин жакшыртуу боюнча иштерди аяктап жатат.

Шаардыктардын жана унаа ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн аялдама 3 метрге жылдырылды, узундугу 42 метр, комплекстин аянты дээрлик 3 метрге жетет, чөнтөктөр да 3 метрди түзөт.

Аялдама  комплекстин өзүн жана жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда.

Ушундай эле иштер Чүй проспектисинин Манас проспектиси менен кесилишинде, филармониянын аялдамасы менен кесилишинде башталды.

Эски комплекс демонтаждалып, 90 тонна таштанды чыгарылып, бордюрларды, плиталарды жана сугат түтүктөрүн орнотуу иштерин баштоо пландалууда.

Аялдама аянтчасын асфальттап, жаңы комплексти орнотуп, белгилөө иштерин баштайбыз. Иш 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Бүгүн бригада Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштерин баштайт.

120 метр жолду 3 метрге кеңейттик. Демонтаждоо иштери аяктап, бордюрлар  орнотулуп  жатат. Бул участкадагы аялдама кеңейтилип эле тим болбостон, жылдырылгандыгын дагы белгилей кетебиз.

Фучик көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин 4 даана эски аялдама  комплекстер демонтаждалып, учурда аймактарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Эски аялдамалардын ордуна жаңы, заманбап аялдамалар орнотулат.