Кыргыз милициясында кызмат өтөгөн төрт бир туугандын спорттогу ийгиликтери

ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар Кыргыз милициясынын сыймыгы жана үлгүсү болуп саналат.

Ар бир жигит Мекен алдындагы милдетин аткарып, жоокер болуп мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоп, өлкөбүздө тынчтыкты сактоого салымыбызды кошсок деп максат коет эмеспи. Мына ушундай ой-максаттарын турмушунда ишке ашырып, элинин коопсуздугу менен бейпилдигин камсыздап келе жаткан кызматкерлебиз жөнүндө баяндамакчыбыз. Алардын бири Нарын облусунун Ат-Башы районунун мыкты уулдары, бир үй-бүлөдөн чыккан бир тууган тартип сакчылары- Кубанычбек, Толкунбек, Майрамбек жана Сыймык.


Тартип сакчылыгында жүргөн төрт бир тууган коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулук менен гана күрөшпөстөн, спорттук иш-чараларга да активдүү катышып, байгелүү орундарды багындыруу менен өлкө туусун бийиктерде желбиретип келет. Каармандарыбыз спорттун бир нече түрү боюнча спорт чеберлери, Тай бокс, Кулатуу Эр таймаш, “Панкратион” боюнча эл аралык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү. Ошондуктан аларды Кыргыз милициясынын сыймыгы экендигин дагы бир жолу белгилеп, эл үчүн кылган кызматтарына ийгиликтерди каалап кеткибиз келет.

8b75a3c7 e448 4bff b815 0d495b6847f2 Кыргыз милициясында кызмат өтөгөн төрт бир туугандын спорттогу ийгиликтери