
Сокулук районунун аймагындагы сауналарды текшерүү улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-августта Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды. Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилген.
Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.