
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Талас районунун аймагында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.
Тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.
Азыркы учурда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


