Талас районунун кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Такталгандай, Талас облусунун Талас районунун Калбинск а/о кызматкерлери менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 000 000 (элүү беш миллион) сомду түзөт.
Азыркы учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.