
Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин Күзөт кызматы, аймактагы милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
«Бул багытта ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамалар өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган. Эс алуу күндөрү «Алтын Балалык», «Ала-Тоо», «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен белгилешкендей, жарандар милиция кызматкерлеринин ишине ыраазы болушуп, алкыштарын айтышкан.


