
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 2-июль күнү болжол менен саат 20:20 милицияга Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул окуя шаардык милицияда катталып, текшерүү иштери башталган.
“Жалал-Абад шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган.



