Япония Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин өз университеттеринде окутууга 2,4 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, Япония 324 миллион иен, же болжол менен 200 миллион сом, же 2 миллион 300 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт.
«2024-2026-жылдарга долбоордун алкагында 20 мамлекеттик кызматкерди Япониянын ЖОЖдоруна окууга жөнөтүү пландалууда. Анын 19у магистратурага, 1и докторантурага», — деди Аттокуров.