Египетте 23 жаштагы Орусиянын жаранына кол салган акула кармалды

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акуланы куткаруучулар жергиликтүү балыкчылар менен кармашкан. 

Эске салсак, кечээ, 8-июнда Египеттин Хургада шаарынан алыс эмес Dream Beach пляжында Архангельск облусунун 23 жаштагы тургуну акуланын кол салуусуна кабылган. Жергиликтүү тургундар жигитке жардам берүүгө аракет кылышып, бирок жетишпей калышкан.