
Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-майда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, 3-апрелде Жайыл районунун Алексеевка айылында түнкү саат бир жарымдар чамасында үйдүн короосунда токтоп турган “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») менен каттоого алынган.
Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Х.Э. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.