Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн экинчи баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, 14-май күнү кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-ж.т. Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө бүгүн, 18-май күнү ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан аталган жарандын сөөгү табылды.
![whatsapp image 2023 05 18 at 15 20 45 Баткенде сууга чөккөн баланын сөөгү 4 күндөн кийин табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/whatsapp_image_2023-05-18_at_15_20_45.jpeg)