Таластагы мал базарда уурулук боюнча облустук милиция маалымат берди

Таластагы мал базарда “чөнтөкчү кармалды”-деген маалымат боюнча Талас ОИИБи маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 30-апрель күнү эртең менен Талас районуна ​караштуу мал базардан ууру кармалды деген видео тасмалар интернет тармактарына жайылган.​ Ал видео боюнча элдер болжолу менен 25-30 жаштагы азиат улутундагы белгисиз бир адамды акча уурдады​ деп шектеп кармап​ алышкан. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Аталган билдирүү Талас РИИБдин ​ маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. ​ Окуя болгон жерге Талас РИИБдин Тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган. ​

Текшерүү учурунда ​ ​ Бишкек шаарынын тургуну​ өзүн​ 1993-ж.т. Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​ мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган”-деп, мал базардын батыш тарабындагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.

Текшерүү учурунда​ Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын ​ 1976-ж.т. ​ М.И. аттуу жаран мал базардан ​ 60000 (алтымыш миң) сом акча ​каражатын белгисиз адамдар тарабынан ​ уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Талас облусунун Кара-Буура району Чолпонбай айылынын ​1999-ж.т. Ж. уулу К. ​ дагы мал базардан өзү асынып жүргөн кол сумкасынын ичинен 6000 (алты миң) сом акча каражаты белгисиз адамдар таарабынан​ уурдатып кеткенин билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алынып келинген.
Ал ​ Ысык-Көл облусунун ​ Ысык-Көл району Григорьевка айылынын ​ 1989-ж.т А. Э. ​ экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан ​ жалпы 35 200 (отуз беш миң эки жүз) сом акча каражаты алынган.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери иш-алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​ аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды.
Шектүүнү милицияга алып келишип, өздүгүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​ жатышат.

Кармалган шектүү боюнча анын ​ башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат. Мыйзам чегинде ​ чечим кабыл алуу максатында ​ текшерүү иштери жүргүзүлүп ​ жатат.