Таластагы мал базарда “чөнтөкчү кармалды”-деген маалымат боюнча Талас ОИИБи маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 30-апрель күнү эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видео тасмалар интернет тармактарына жайылган. Ал видео боюнча элдер болжолу менен 25-30 жаштагы азиат улутундагы белгисиз бир адамды акча уурдады деп шектеп кармап алышкан.
Аталган билдирүү Талас РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге Талас РИИБдин Тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган.
Текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну өзүн 1993-ж.т. Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган”-деп, мал базардын батыш тарабындагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
Текшерүү учурунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 1976-ж.т. М.И. аттуу жаран мал базардан 60000 (алтымыш миң) сом акча каражатын белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Талас облусунун Кара-Буура району Чолпонбай айылынын 1999-ж.т. Ж. уулу К. дагы мал базардан өзү асынып жүргөн кол сумкасынын ичинен 6000 (алты миң) сом акча каражаты белгисиз адамдар таарабынан уурдатып кеткенин билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алынып келинген.
Ал Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району Григорьевка айылынын 1989-ж.т А. Э. экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 (отуз беш миң эки жүз) сом акча каражаты алынган.
Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери иш-алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды.
Шектүүнү милицияга алып келишип, өздүгүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Кармалган шектүү боюнча анын башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат. Мыйзам чегинде чечим кабыл алуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.