
Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, азыркы учурда өспүрүм ата-энесинин жанында.
«Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жаткан.