Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери аткезчилик менен жасалган алкаголдук продукцияларды таратуу жана колдонуучулардын укуктарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди жүргүздү. ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүмү (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.
Кампаларды жана башка обьекттерди текшерүү Мамлекеттик салык кызматы жана “Кыргызалко” мамлекеттик ачык акционердик кооому менен биргеликте жүргүзүлгөн. Мындай ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүлүшү аткезчилик жол менен жасалган продукциялар менен күмөндүү акциздик маркалар боюнча маалыматтар чыгып, кеңири жайылып кеткендигине байланыштуу болгон.
Спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү фактысы боюнча ушул жылдын март айында Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт кошулган ичимдиктерди өндүрүү жана сактоо мүмкүн делген бир катар даректер аныкталган.
Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1971-жылы туулган О.Н. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенип, анын ичинен спирттей кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, ар кандай маркадагы бөтөлкөлөрдүн алдыңкы бетине колдонула турган чаптамалар бар 12 куту, капкактар салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран «Берекет Универсал» соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси болуп, аны тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынган. Соттун чечими менен ага карата 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
“Мындан тышкары, кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максатында дагы бир нече даректерде, анын ичинде жеке менчик үйлөрдө, дүкөндөрдө, кампаларда тергөө амалдары жүргүзүлдү.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында тинтүү учурунда спирт кошулган ичимдиктер куюлган 17550 бөтөлкө, 1086 литр спирт, 3500 акциздик маркалар, көптөгөн бөтөлкө капкактары салынган куту жана башка буюмдар табылып алынган”, – деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.
Учурда иликтөө иштери уланууда.

146a5d7e 0c43 4c29 835d 78066b4653ae Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
3428e5b8 099c 4e44 9e22 93d62a9f8305 Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
3ce4c8d8 6cde 41ae 9563 5e280a2ab64e Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
43147cfe c8f8 491c b3b4 02910c6d168f Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
91a1d7bf 92d1 4f7e 8e58 237882cc1ebe Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
d4efcd6d 379e 40db ab24 43ff7f276601 Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды
e8f397d4 7f20 4c7f 85f9 25f9f87082b9 Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды