
УКМК 33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алганын маалымдады.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.
Көрүлгөн чаралардын негизинде, М.А.Чернышовго Кыргызстандын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.
2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тарбагында) жасаган.


