
Баткен облусунда Ош-Баткен-Раззаков жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде жаандан улам сел суулары каптаган.
«Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик жүктөгүч (погрузчик) тартылды. Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай автожолунун 0-7 чакырым аралыгына келген селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч (погрузчик) жана 1 автогрейдер техникасы тартылды»,-деп айтылат маалыматта.