
Бурулай Сайпидин кызы табылды. Бул тууралуу маалыматты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Эске салсак, Бишкек шаарында 1992-жылы туулган Бурулай Сайпидин кызы аттуу келин дайынсыз болуп изделип жаткан.
Маалыматка ылайык, Бурулай 14-март күнү эртең менен Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал төрт баланын энеси, кичүүсү 3 жашта.
Ал кара түстөгү жемпир, кара же кызыл түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.