
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102-кызматына №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кабар бүгүн саат 09:43 чамасында келип түшкөн.
«Ошол замат тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге келип, дароо мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Мектеп окуучулары жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө.