
Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыккан.
ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалын мечиттин жанында жайгашкан 4 контейнерди каптаган.
Тилсиз жоо түнкү саат 02:00дөргө жакын катталып, аны өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 04:03тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.
Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

