
Бүгүн, 24-февралда кызматтан кеткен Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жазды.
«Мага ишеним артканыңыздарга ыраазычылык билдирем! Кандай болбосун мен билим берүү системасында калам», — деп жазды ал.
Мамбетакунов 2022-жылдын октябрынан бери министр болуп иштеп келген.
Ал эми, Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Иманалиев Каныбек Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
