Кыргызстандык «Тенирберди» тасмасы Ирандагы 41-эл аралык Фажр кинофестивалында «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды.
Кинофестиваль 1-10-февраль күндөрү Тегеран шаарында өткөн. Ага Кыргызстандан тасманын оператору Караш Жанышов барган.
Тасманын режиссеру Асель Жураева, ал эми сценарийин Асел Жураева менен режиссер Темир Бирназаров биргеликте жазган.
Аталган тасма Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын техникалык колдоосу менен тартылган.