Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши кыскартылып, камактан бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, карыя тосмо арыз жазып, эки тарап макулдашууга келгендиктен 16-январда Токмок шаардык сот тиешелүү токтом чыгарган.
«Жабырлануучу менен айыпталуучу макулдашууга жетишкендигине байланыштуу кылмышы иш кыскартылган», — деп билдиришти облустук соттон.
Иш жабылгандыгына байланыштуу айыпталуучу камактан бошотулган.
Эскерте кетсек, былтыр 16-октябрда Токмоктогу мал базарда карыя 120 миң сомун уурдатып, ага кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп берген.
Кийинчерээк милиция карыянын акчасын уурдоого шектеп 39 жаштагы жаранды кармап6 ал карыянын 120 миң сомун берген.