
Аламүдүн районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган, издөө иштери уланууда.