Интернет алдамчылыгы: киберкылмышкерлердин курмандыгы болуудан кантип сактануу керек? ИИМ кеңеш берет

Бул боюнча ИИМ кеңешин жарандарга сунуштайт.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эскертет: Интернет колдонуучулардын саны өскөн сайын, алдамчылык жол менен акча табууга аракет кылган кылмышкерлердин саны көбөйүүдө. Мындай алдамчылык менен алактенген кылмышкерлердин курмандыгы болуп калбоо үчүн алардын ыкмаларын жакшы билишиңиз керек.


Кибермейкиндикте алдамчылык аракеттердин эң кеңири таралган схемалары: -Интернет-дүкөндөрдүн окшоштуктары. Арзан буюмдар жана ыңгайлуу келишимдер, булар онлайн сатып алуучуларды азгыруу үчүн иштелип чыккан. Издөө системалары аркылуу колдонуучулар шилтемеге кирип, катталып, сатып алууну аяктоо үчүн банктык реквизиттерди киргизишет. Сатуучу бул учурда төлөмдү алып жок болот же таптакыр башка продуктуну жөнөтөт. Ошол себептен сиз ар дайым браузериңиздеги дарек тилкесин текшеришиңиз керек. Ал “https” (коопсуз маалыматтарды берүү протоколу) менен башталышы керек, бул ресурстун коопсуз (шифрленген) байланышы бар экенин билдирет, бирок ал толук коопсуздукка кепилдик бербейт;


-Интернет-банкингдин көчүрмөлөрү. Алдамчылар банктык окшош веб-сайттарын түзүшөт. Электрондук бөлүштүрүүнүн жардамы менен (каттар, SMS билдирүүлөр) алар колдонуучуларды авторизациядан өтүүгө чакырышат. Бул нерсеге көңүл бурбаган жарандар фейк сайтка кирип, жеке кабинетте катталып, каржыга кирүү үчүн логин жана паролду ачып салышат. Алдамчылар маалыматтарды алаары менен банктык эсептеги акча каражаттарды толугу менен алып кетишет;
-Утуп алган байге жөнүндө же эсепти бөгөттөө жөнүндө билдирүү менен каттарды жөнөтүү. Кылмышкерлер адатта жеңүүчүдөн чоң утушка ээ болуу үчүн белгилүү бир сумманы которууну же картанын кулпусун ачуу үчүн төлөөнү суранышат.

  • Пайда алуу максатында аккаунттарды бузуп, тааныштар аркылуу кат жөнөтүү. Киберкылмышкерлер почтага же социалдык тармактарга баракчанын ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат;

  • -Кайрымдуулук, туроператорлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары. Колдонуучуларга эскертүү – оорулуу баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултуу зарылчылыгы, ар кандай жолдомолор үчүн өтө арзан баалар, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которуу өтүнүчү;
  • Пайдалуу киреше сунуштары. Алдамчы жумуш берүүчүлөр билимди талап кылбаган алыс аралыкта иштөөнү сунушташат. Уюштуруучулук муктаждыктарын төлөө үчүн алдын ала акча каражаты талап кылынат. Адам акча которуп бүтөөр менен эле жасалма уюм жок болот.

  • Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн, банктык карталардын жардамы менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуу керек! Белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерине кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана паролун бербеңиз, жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болуңуз.