
Бишкектин Панфилов көчөсүндө пилоттук түрдө таштандыны иргей турган жай иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.
Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.
Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн тургундарынын сунуштары да эске алынган.
Долбоордун максаты:
- Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
- Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
- Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.