Фламинго паркында аттракцион иштебей калган

Бишкектеги Фламинго сейил багында Камикадзе аттракционун бир нече мүнөткө иштебей калган. Ал учурда анын ичинде адамдар бар болгон.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жекшемби күнү, 25-декабрда аттракцион иштебей токтоп калганда, анын ичинде адамда башы менен ылдый карап калышкан.

Ал эми болгон окуя тууралуу аталган парктын өкүлдөрү билдирүү таратып, бир электр релеси иштебей калганы менен түшүндүрүштү.


«Камикадзе аттракционунда сейрек, бирок стандарттуу окуя болуп, бир электр релеси иштен чыгып, маселе бир нече мүнөттүн ичинде чечилди, бул учурда стандарттуу процедура каралган, бир нече мүнөттүн ичинде бардыгы түшүрүлүп, сыртка чыгарылды. аттракцион Камикадзе шаардагы эң коопсуз аттракцион, бүгүн алар электр реле блогун алмаштырышат, аны сынашат, беш сантиметрлик релени алмаштыруу үч мүнөттү талап кылат.

Мындай учурлар өтө сейрек кездешет, 15-20 жылда бир жолу болчу учур. Бирок бул техника жана ал да кээде катардан чыгат. Ал эми бул аттракциондо коопсуздуктун көптөгөн варианттарын камсыз кылынган, андыктан аттракционго келгендер өздөрүнүн коопсуздугу үчүн тынчсыздануусунун кажети жок», деп билдиришти алар.