
Чүйдүн Кемин районунун Ильич айылында бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, бала бакчаны салууга 83 млн 559,6 миң сом каралган.
Тендер 19-декабрда жарыяланып, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат.