
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 15-декабрда палатанын төрагалыгына талапкерлигин койгон тогуз кишинен ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырды.
Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:
- Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев;
- “INTEGRA Engineering Group” ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов;
- “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси 19-декабрда шайланат. Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.