Ачкачылык жарыялаган 19 кишинин абалы канаттандырарлык

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

«14-декабрда камакта жаткан 11 киши ачкачылык жарыялоо боюнча Жаза аткаруу кызматына расмий билдирүү берген. 15-декабрда аларга дагы 12 киши кошулган. Жалпы 19 адам ачкачылык жарыялап жатканы боюнча маалымат айтылган. Албетте, алардан кабар алып жатабыз. Бүгүн экинчи күн, абалдары канаттандырарлык»,-деди ал.

14-декабрда ачкачылык жарыялагандардын абалы менен жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова таанышып чыккан.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.