Бекешев Орунтаевди “мырк” деп атады

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров отчет берди.

Депутат Дастан Бекешев гараж кооперативдери митингге чыгышканын айтып, алар менен мэр жолугушуусун суранды.

Ошондой эле депутат Нурдан Орунтаевдин митингчилерге чыгып, “мырктарча” алар менен кошо кошулуп кайра антимитинг өткөргөнүнө уялганын айтты. “Мен Орунтаевге жакшы эле ойдомун, вице-мэрдин бул кылыгы туура эмес. Муниципалитеттин кызматкери мындай иштеши уят. Ал тескерсиниче, түшүндүрүү иштери менен алектениши керек эле. Эртең муну көрүп алып башкалар эмне кылат?”, – деди эл өкүлү.

Мындан улам Орунтаев өзү Бекешевге чалып “мырк” деген сөзү үчүн сотко берерин депутатка билдирген.