Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, көзү тирүү болгондо 94 жашка чыкмак. Алгач, көрүнүктүү чыгармаларды жазып, жазуучуга таазим этип, Адамзаттын рух ааламынын чолпон жылдызына ыраазычылык билдиребиз! Бейиштик болсун!
“Эзелтеден чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген ушул талаш,-
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коет, –
Канткенде адам уулу адам болот?, – деп Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. “Литературный Киргизстан” журналынын редактору, 1960-1965-жж. “Правда” гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.
Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси “Гезитчи Дзюйдо” деген ат менен 1952-жылы “Киргизстан” альманахында орус тилинде жарыяланган.
“Литературная газета”, “Новый мир”, “Литературный Киргизстан” журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.
1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
Айтматовдун “Ак кеме” аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. Повесттеги “балык” болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат. Повесттин мазмунунан, эгер адам ар кандай кара күчтөрдүн зомбулугуна туруштук бере албай, пассивдүү жолго түшсө, анда ал өзүнүн ыйык идеалына да кол көтөрүүгө чейин барат деген философиялык жана нравалык тыянак чыгат. “Ак кеме” — түзүлүшү татаал, кабат-кабат мазмундуу, көп проблемалуу чыгарма.
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып “Эрте жаздагы турналар” (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. Жазуучу “Манас-Атанын ак кар, көк музу” аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги “Аксай десанттары”: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт.
“Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. “Кылым карытар бир күн” (1980), “Кыямат” (1986), “Кассандра тамгасы” (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү басымы алдында адам өзүнүн жеке адамдык өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын, өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу менен адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.
Ошондой эле, публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн “Жер, суу менен авторлош” (орус тилинде), “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жыңыртат” (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги, көркөмдүгү менен анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда менен “Духтун улуулугуна ода” (1993), казак акыны жана коомдук ишмер М. Шаханов менен “Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы” (1996) аттуу диалогдору – да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук- фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар.
“КЫЯМАТ”
“ЖАМИЙЛА”
“АТАДАН КАЛГАН ТУЯК”
“САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ”
“БЕТМЕ-БЕТ”
“ДЕНИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ”
“АК КЕМЕ”
“ЭРТЕ ЖАЗДАГЫ ТУРНАЛАР”
“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”
“КЫЗЫЛ АЛМА”
“ГҮЛСАРАТ”
“ТООЛОР КУЛАГАНДА”
“КЫЛЫМ КАРЫТААР БИР КҮН”
“ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН АК БУЛУТУ”
“БАХИАНА”
“КАЙРЫЛЫП КУШТАР КЕЛГЕНЧЕ”
“КАССАНДРА ТАМГАСЫ”
“ДЕЛБИРИМ”
“АК ЖААН”
“АСМА КӨПҮРӨ”
“ТҮНКҮ СУГАТ”
“БОТОКӨЗ БУЛАК”
“БАЛАЛЫГЫМ”
“МАНАС-АТАНЫН АК КАР, КӨК МУЗУ”
АҢГЕМЕЛЕР ТОПТОМУ