Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодо бир нече атаандаштын жана бюллетендеги “баарына каршы” деген графадан да озуп, 80%дан ашуун добуш алып, чоң айырма менен жеңди. Муну биз белгилебесек да, жалпыга жакшы эле маалымат жетти. Кайрадан жети жылга тандалган жаңы президент аз убакыт аралыгында арбын реформаларды киргизүүгө жетишти. А бирок, Токаевди жаңы президент деп атоо кыйын. Буга чейин кыска убакытта мамлекеттин эң маанилүү кызматында болуп, эбегейсиз эмгеги менен, маанилүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, алысты көрө билген лидер катары көрсөттү.
Анын пайдасына берилген добуштардын саны азыркы мамлекет башчысына жана анын саясатына элдин ишениминин жогору экендигинен кабар берет. Бул таң калыштуу эмес, анткени дал Токаевдин бийликке келиши менен өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр башталып, ар кыл чөйрөлөрдөгү көптөгөн көйгөйлүү маселелер ордунан козголуп, Казакстан барган сайын дүйнөлүк аренада өзгөчөлөнө баштады.
Айтмакчы, ушул дем алыш күндөрү болгон инаугурацияда Касым-Жомарт Токаев өлкө мыйзам жана тартипти туткан, жарандардын укуктары тийиштүү түрдө сакталган адилеттүү Казакстанды куруунун татаал жолунун башында турганын баса белгиледи.
Демек, анын айтымында, коомду трансформациялоо жана Казакстанды чыныгы демократиялык институттары бар өнүккөн өлкөгө айландыруу үчүн дагы көп иштер аткарылышы керек. Бул модернизация жашоонун бардык чөйрөлөрүнө – билим берүүдөн баштап индустриялаштырууга чейин таасирин тийгизет.
Инаугурациядан кийин президент бир эле учурда бир нече маанилүү жарлыктарга кол койду. Биринчиден, республиканын жарандарынын 40%на жакын айыл аймактарын өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Тиешелүү концепция беш жылдын ичинде өлкөнүн Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.
Экинчиден, Казакстан Парламентинин Сенатына шайлоо 2023-жылдын 14-январына белгиленген, ал эми Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине шайлоо да келерки жылдын июнь айында өткөрүлөт, ал жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформаны практикалык ишке ашырууну улантат. Ошентип, жогорку палатанын депутаттарынын бир бөлүгү атаандаштык жана ачыктык принциптеринин негизинде жаңыланат.
Көптөн күткөн жарлык – мыйзамсыз алынган мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу чаралары жөнүндө – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган деп айтсак болот. Тилекке каршы, дүйнөлүк эксперттик коомчулук казакстандык бизнесмендер менен саясатчылардын ушуга окшош учурлары көп болуп жатканын укту. Маселен, Казакстандын элинен уурдалган акчаны өз өлкөсүндөгү саясий режимди бузууга жана Европадагы махинацияларга жумшаган атактуу Мухтар Аблязов элдин оозунда.
“Кайтарылган каражаттардын баары жарандардын пайдасына иштеши керек. Алар жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ачууга, мектептер менен ооруканаларды курууга, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалышы керек”,- деп эсептейт Казакстандын лидери.
Президенттин сөзүндө Казакстандын тышкы саясаты өзүнчө жана кыйла кеңири тема катары козголду.
“Коңшу мамлекеттер – Кытай, Россия жана Борбордук Азиянын боордош өлкөлөрү, интеграциялык бирикмелер боюнча өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулат. Биз АКШ, Европа Биримдиги, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Кавказ мамлекеттери, ошондой эле бардык кызыкдар өлкөлөр менен көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан заманбап эл аралык укукка жана БУУнун Уставына берилген бойдон калууда.
Казакстан өзүнүн саясий багытын сактап, тигил же бул эл аралык маселеде бир тарапты тандабай жаткансыйт. Жагдайлар Казакстандын өзүнүн аймактык жана башка бүтүндүгүнө таасир этпесе, өлкөнүн эгемендигине эч ким кол салбаса, анын позициясы бекем бойдон калууда – тынчтык, тең салмактуулук, компромисс.