
«Биздин евразиялык интеграцияга болгон бирдиктүү бекем берилгендигибиз Биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн, евразиялык жана башка аймактык жана дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат», — деп Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы, президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.
Жыйынды ачып жатып, президент Садыр Жапаров өлкө лидерлери менен учурашып, соңку 3 жыл ичинде катышуучулар биринчи жолу бетме-бет жолугушууга жетишкени эң эле натыйжалуу жана жемиштүү болорун белгиледи.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенти кызматына кириши менен дагы бир жолу куттуктап, Казакстандын башчысын шайлоо элдин толук ишенимин жана колдоосун көрсөткөнүн белгиледи.



