
Бүгүн, 5-декабрда, “Ош” эл аралык аэропортун каптаган коюу тумандан улам ички авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки саат 7:40тан баштап жылдырылган ички авиакаттамдардын тизмеги:
Ош — Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды;
Ош — Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды;
Ош — Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.
Мындан улам “Манас” эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын да графиги өзгөрүүдө.