Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында “Зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй стратегиялык коммуникация” программасынын “Глобалдык медиаборбор” долбоорунун алкагында “Ойлон. Сак бол!” медиакампиясынын бет ачары болуп өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Коопсуздук кеңешинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бул медиакампаниянын максаты – онлайн радикалдашууну алдын алуу жана Кыргызстандын бардык жарандарына киберталаадагы коркунучтар туралуу эскертүү. Башында уюштуруучулар тарабынан аталган медиакампаниянын максаттары жана актуалдуулугу түшүндүрүлүп, интернет аркылуу азгырылып кеткен жарандардын тагдырларын чагылдырган, экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттерин, аларды алдын алуунун жолдорун түшүндүргөн видеороликтер көрсөтүлдү.
Иш-чарада зордук-зомбулук камтылган экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык байланыш тармагындагы алдыңкы эксперттер баяндама жасашып, экстремисттер колдонгон ыкмалар жана стратегиялар, онлайн азгыруулардын кесепеттери жана зордук-зомбулук камтылган экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылышын алдын алуудагы жалпыга маалымат каражаттарынын ролу тууралуу кыскача айтып беришти.