
Быйыл күз айларына салыштырмалуу Орусиядан Бишкекке авиабилеттердин орточо баасы 23%га, же 15,3 миң рублга чейин арзандады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги OneTwoTrip саякаттарды пландаштыруу кызматынын изилдөөсүнө таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиядан Египетке 66,5%, Түркияга 46,7%, Дубайга 37,7%, Ереванга 33,5%, Тбилисиге 32,9%га билеттер арзандаган.