Бүгүн, 14-ноябрда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин расмий сайтына маалымат жарыяланды.
Жыйында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу жана Өзбекстан Өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралды. Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу деталдуу каралды.
Бул мыйзам долбоорлору алгач коңшу өлкөнүн парламентиндеги фракциялардын бардык саясий партияларынын жыйындарында кеңири талкууланган. Аларга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, мыйзам долбоорлору боюнча маалымат беришти.
«Соңку жылдары мамлекет башчынын жетекчилиги астында эл аралык эффективдүү кызматташтыкты орнотууга өзгөчө көңүл бурулуп, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарыбызды, элдин тынчтыгын жана бейпилдигибизди камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди. Ачык жана прагматикалык, активдүү тышкы саясаттын натыйжасында Өзбекстан эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш катары таанылды. Президент Шавкат Мирзиёевдин бекем саясий эркинин жана туруктуу колдоосунун аркасында кыска убакыттын ичинде өлкөбүздүн жана коңшу мамлекеттердин чек ара тилкелеринин эң татаал тилкелеринде эки тарапка тең алгылыктуу чечимдер кабыл алынды», — деп айтылат Өзбекстан парламенттин сайтында.
Акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен диалог түзүлүп жатканы белгиленет.
«Мыйзам долбоорлорунда жалпы узундугу 302,29 чакырымды түзгөн чек ара сызыгын, анын ичинде өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын 35 тилкесин делимитациялоону аяктоо каралган. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралууда», — деп айтылат маалыматта.
Депутаттар белгилегендей, бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, чек араны аныктоо маселелери боюнча комплекстүү чечим табууга кызмат кылат.
«Бул ошондой эле биздин мамлекеттерге өнөр жай кооперациясында, айыл жана суу чарба, соод, инвестиция, энергетика, транспорт, курулуш, экологиялык, туризм, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө болгон чоң потенциалды пайдаланууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат Олий Мажлистин сайтында.
Өзбекстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты Борбордук Азия өлкөлөрү менен, тактап айтканда Кыргызстан менен болгон мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана дайыма чыңдоо экендиги белгиленди.
«Чек арадагы соода жана өнөр жай аймактарын түзүүгө, кичи жана орто бизнести активдештирүү, аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү жана экономикалык өнөктөштүктүн башка жаңы багыттарын калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда», — деп айтылат Жогорку мыйзам чыгаруу органынын сайтында.
Мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан кабыл алынды.
- Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет. Аны менен бирге эки өлкө Кемпир-Абаддын суусун колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзөт.