Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду

News 84976568193209071375954651987333308105 Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн, 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ТИМ башчылары кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу бир пикирде болуп, бир тууган элдердин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниеттерин белгилешти.

Өзбекстандын президенти Ш.М.Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты.

zhyjy 1 Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду
News 84976568193209071375954651987333308105 1 Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду
zhee Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюлду