
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган делегация Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуу Кара-Бак айылынын Ляккон айылы менен чектешкен жеринде өттү.
“Жолугушууда чек ара аймактарында коомдук-саясий абалды турукташтыруу, чыр-чатактардын алдын алуу, чарбалык-ирригациялык иштерди жөндөө, эки элдин ортосундагы ынтымакты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо, турак жайларды, социалдык объектилерди талап-тоноочулукка жол бербөө, өрт кырсыктарынын алдын алуу маселелери каралды”, — деди райондук администрациядан.
Мындан сырткары, маалыматта түрдүү чагымчыл чакырыктарга азгырылбоо тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кошумчаланды. Анда тараптар эки элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоону сүйлөшкөн.