
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын карады.
Жыйындын жүрүшүндө жактоочу камактагы жаранды үй камагына чыгарууну суранды. Бирок судья Тилек Турдукулов 20-декбарга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарды.
Мамбетжунус Абылов өзү да тергөөдө анын бийликти басып алууну каалагандыгы боюнча эч кандай далил жок экенин билдирди.