Орозайым Нарматова Москвада кармалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы Нарматованын жакындарына таянып жазды. Анын жакын курбулары да бул маалыматты тасктыкташууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Нарматова Кемпир-Абадды коргоо комитетин мүчөсү болгон.

0a11510a 3bd7 4168 a981 5d6ae6d9c5fa Орозайым Нарматова Москвада кармалды

Бул боюнча ИИМ жана тиешелүү органдар азырынча маалымат бере элек.

Нарматованын Фейсбук баракчасына бир саат мурда пост жарыяланды. Анда ал үчүн эң баарынан чындык бийик турары, ага бир гана мамлекеттин жаркын келечеги керектиги жазылган.

ab791f5f 256f 4d8a a9d5 de413fad2f05 Орозайым Нарматова Москвада кармалды

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө каршы пикирин билдирип, социалдык тармактарда бийликтин жапырт камоолорун сындап келген. Ал 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетине кирген.