Мамбетжунус Абылов 48 саатка камалды

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Мамбетжунус Абыловго дагы башкалар сыяктуу эле массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып тагылган. Ал 48 саатка камалган.

Бүгүн, 27-октябрда Мамбетжунус Абылов ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келинген. Кечээ Абыловдун үйү тинтүүгө алынганы кабарланган.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.