Бишкекте ысык суу түтүгү жарылды, – видео

Бишкектеги Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде ысык суу түтүгү жарылды. «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынан билдиришкендей, түтүк бүгүн эртең менен жылуулук бериле баштаганына байланыштуу жарылып кеткен.

«Мындай жагдайлар болушу мүмкүн. «Бишкекжылуулуктармагынын» кызматкерлери мүчүлүштүтү жоюшту», — деп айтылат маалыматта.