
Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койгонун
парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шабданбек Алишев 1980-жылы 3-октябрда туулган.
Жогорку билими бар.
2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес сектордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;
2006-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин жетектөөчү адиси, ошондой эле «Оймо» жаштар чыгармачылык студиясынын директорунун орун басары;
2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн референти;
2007 — 2009 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
2009 — 2010 — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти;
2011-жылы — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;
2011-2021-жылдары Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмүндө ар кандай кызматтарда иштеген;
2022-жылдын 1-февралынан тартып — Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары.