Журналист Канышай Мамыркулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына түз эфирде билдирди.
Анын айтымында Бишкек шаардык милиция суракка чакырганын. Азырынча эмне маселе менен чакырылганын билбээрин белгиледи.
Кечээ, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо кыймылы түзүлүп. Ага ондон ашык киши мүчө болгон. Бүгүн аталган комиттеттин бир канча мүчөсүн тинтүү кылып, милиция суракка алып кетти.
Ал эми журналист Канышай Мамыркулова буга чейин Кемпир-Абад боюнча Элдик Курултайда сөз сүйлөгөн